Сот Zanoza.kg каршы кезектеги арызды канааттандырды

3 июля 2017 15:46 483 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Бишкектин Октябрь райондук соту бүгүн башкы прокурор Индира Жолдубаеванын Zanoza.kg сайтынын журналисти Нарын Айып боюнча дагы бир доо арызын толук канааттандырды.

Жараянда Нарын Айыптын быйыл 1-мартта Zanoza.kg сайтына жарыялаган эки макаласы боюнча арызы каралды. Башкы прокурор макалада Атамбаевдин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирилген деген негизде сотко кайрылган.

Сот муну жүйөлүү деп таап, журналисттен 3 миллион сом өндүрүү тууралуу чечим чыгарды.

30-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту Башкы прокуратуранын Zanoza.kg сайты жана журналист Нарын Айып, экс-депутат Чолпон Жакуповага байланыштуу доо арызын толук канааттандырган. Сот аталган жарандар жана маалымат каражаты президенттин ар-намысына, кадыр-баркына шек келтирди деп тапты. Алардын ар биринен 3 миллион сомдон доо өндүрүү тууралуу чечим чыгарган. Доого жыгылган тарап буга макул болбой Бишкек шаардык сотуна кайрыла турган болууда.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3412



Добавить комментарий