Калктуу конуштардын башкы планы талкууга алынды

3 июля 2017 13:59 504 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында бүгүн, 3-июнда, өкмөттүн кезектеги жыйыны болуп өттү.

Отурумда маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат жана «2017-2030-жылдары Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын башкы планын иштеп чыгуу боюнча программаны бекитүү жөнүндөгү»  өкмөттүн  токтом долбоору каралды.

Аталган маселелер боюнча маалыматтар менен Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Урматбек Кокочаров чыгып сүйлөштү.

Ссылка: https://barometr.kg/content3406



Добавить комментарий