Кыргызстан менен Казакстан мыйзамсыз жүргөн жарандарды сотсуз эле мекенине кайтарышат

28 июня 2017 15:33 428 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстан менен Казакстан миграциялык мыйзамдарды бузган өз жарандарын, ошондой эле үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарын узакка созулчу соттун чечимдерин күтпөстөн эле тездетилген тартипте өлкөсүнө жөнөтө алышат. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

 Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы тиешелүү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин добуш берүүсүнө жөнөтүлдү.

Макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн компетенттүү органдары адамдарды соттун чечимдерин күтпөстөн эле, кайсыл өлкөдөн келсе кайрадан ошол өлкөгө тездетилген тартипте жөнөтө алышат. Парламенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, бул Казакстанда жүрүү шарттарын бузган Кыргызстандын жарандарын мекенине кайтаруу жол-жобосун жеңилдетет.

“Экинчи жагынан макулдашуу кыргыз-казак чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөн үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары же жарандыгы жок адамдарды тез арада келген жерине кайтарууга мүмкүндүк берет”, - деп айтылат билдирүүдө.

Эки өлкө өкмөттөрүнүн ортосундагы бул макулдашууга 2016-жылы 17-октябрда Астанада кол коюлган. 

Ссылка: https://barometr.kg/content3235



Добавить комментарий