Ырчы Нурлан Насип Асель Кадырбековага сөйкө салды

28 июня 2017 12:11 1489 Barometr
Поделиться в:
ok

Нурлан Насип Асель Кадырбековага сөйкө салды. Бул тууралуу NazarNews.kg булагы кабарлады.

Шоу бизнестеги талантуу ырчы мырзалардын бири Нурлан Насип менен анын сүйүктүүсү Асель Кадырбекова менен болгон мамилеси жыл башынан бери эле талкууда болуп келе жатат. Учурда бул түгөйлөргө суктангандар, сын-пикирин айткандар жана чыдамсыздык менен үлпөт тойду күтүп жаткандар жок эмес.

Тойду күткөндөргө жагымдуу кабарыбыз бар! Нурлан мырза сүйгөнүн жар кылып алуу үчүн кыргыздын салтын улай Аселге сөйкө салып, алдынан өтүптүр. Буга кошумча түгөйлөрдүн ата-энелери да бири-бири менен жакындан таанышып, тойду пландап жатышкан маалдары экен. Бул жаңылыкты бизге Нурландын тайлары кабарлашты. Эмне дейбиз? Эки жаш бактылуу болушсун!

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3220



Добавить комментарий