Казакстанда бүгүн шайлоо алдындагы «жымжырттык күнү»

27 июня 2017 17:05 460 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Казакстанда парламенттин жогорку палатасынын депутаттарын шайлоонун алдында «жымжырттык күнү» жарыяланды — добуш берүү күнү жана андан мурунку күнү үгүт иштерине тыюу салынган. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

 Учурда шайлоо комиссиялары 28-июнда өтчү шайлоого даярдыктарды көрүүдө.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, каттоодон өткөн талапкерлердин акыркы тизмесинде 38 киши бар, алардын 16сы сенат депутаты болуп тандалат.

 

Сенаттын курамында — 47 депутат болот, алардын 32си ар бир облустагы, республикалык маанидеги шаалардагы жана борбор шаардагы шайлоочулар коллегияларынын жыйындарында тандалат, 15 сенатор президент тарабынан дайындалат.

 

Маалыматка караганда, бул шайлоодо алгачкы жолу шайлоо коллегиясынын электрондук каттоосун колдонуу пландалууда. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүлөрү боюнча, добуш берүүгө катыша турган шайлоо коллегияларынын саны 3 293 кишиге жакын. Баарынан да Алматы (333), Чыгыш Казакстан (318) жана Түштүк Казакстан (312) облустарында шайлоочулар коллегиясынын саны көп.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content3184



Добавить комментарий