Экс-депутат Карганбек Самаковдун соту болду

27 июня 2017 13:06 738 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 27-июнда Бишкектин Октябрь райондук сотунда мурдагы депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча соттук отурум болду. Бул тууралуу kaganat.kg булагы кабарлады.

Жактоочунун айтымында, бүгүн айыпталуучу Абай Таштанбеков акыркы сөзүн айтты. Ал күбөлөрдүн көрсөтмөсү менен кылмыш материалында кайчы пикирлер бар экенин билдирген.

Ошондой эле Таштанбеков Самаковду кармашкандан кийин көрсөтмөлөрүнөн баш тартканын эске салды. Кийинки соттук отурум 11-июлда уланмакчы.

Эскерте кетсек, Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединов айыл аймактарынан 262 гектар жерди мыйзамсыз трансформациялап алган деген айып менен Карганбек Самаковго 2015-жылдын 14-майында кылмыш иши козголгон.

К.Самаков учурда үй камагында. Мамлекеттик айыптоочулар Самаков үчүн 19 жыл түрмө мөөнөтүн сурашууда.

Ссылка: https://barometr.kg/content3165



Добавить комментарий