Пакистан Ооганстан менен чек арасын тосмо менен тосот

22 июня 2017 09:55 435 Barometr
Поделиться в:
ok

Пакистан бийлиги жакын арада Ооганстан менен чек арасына тосмо куруу боюнча курулуш иштерин баштайт. Исламабад бул пландарын коопуздукту күчөтүү чаралары менен байланыштырды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

20-июнда жарыяланган билдирүүгө ылайык, курулуштун биринчи этабы Бажаур, Мохманд жана Хайбер райондорун камтыйт. Бул үч район тең куралдуу топтор тез-тез өтүп турган жер катары сыпатталат. План боюнча чек ара тозоттору, байкоо аппараттары менен жабдылган көзөмөл-өткөрмө бекеттери салынат.

Пакистан менен Ооганстан чек арасынын жалпы узундугу 2400 чакырымды түзөт. Пакистан аны эл аралык деңгээлде таанылган чек ара деп эсептейт. Ооганстан болсо Пакистан менен чек арасынын эл аралык-укуктук макамын эч качан тааныган эмес. Бул жерлерден көчмөн уруулар байма-бай каттап турат. Алар менен кошо куралдуу топтор дагы өтүп кеткен учурлар арбын.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2989



Добавить комментарий