Кыргызстанда аарыларга паспорт берүү башталат

20 июня 2017 13:12 914 Barometr
Поделиться в:
ok

2019-жылдан тарта аарыларды идентификациялоо башталат. Бул тууралуу ЖКнын тармактык комитетинин жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын жетекчиси Калысбек Жумаканов билдирди. Бул тууралуу kaganat.kg  маалымдады.

Анын айтымында, быйыл ири мүйүздүү малдардын 92 пайызын каттоо жүргүзүлүп, 70 пайызы базага киргизилди. Ошондой эле аткаминер 2018-жылдан тарта жылкыларды, 2019-жылдан баштап майда жандыктарды идентификациялоо болорун кошумчалады.

“Койлорду каттоо менен катар эле аарыларды каттоо дагы жүргүзүлөт”,-деди ал.

Өз кезегинде депутат Дастан Жумабеков 2017-жылы сентябрь айында Административдик кодекске өзгөрүү кириши мүмкүндүгүн, ага ылайык, идентификация эрежелерин бузгандар айыпка жыгыларын белгиледи.

“Эгерде мыйзам сентябрда күчүнө кирсе, силер каттоого жетишпей калсаңар ар бирине 5 миң сомдон айыппул саласыңарбы?”-деди депутат.

Административдик кодекске өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген депутат Экмат Байбакпаев бул маселени карашарын, балким анын күчүнө кирүү мөөнөтүн узартышарын белгиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/content2893



Добавить комментарий