Бир аптада 456 кылмыштын бети ачылды

19 июня 2017 11:23 506 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер органдары тарабынан ар бир түшкөн маалыматка жана кылмыш болуп жаткан жагдайларга ыкчам аракеттенүү камсыздалган. Өткөн жумада 12-18-июнь ичинде ИИМдин ыкчам аракеттенүү борборунун ыкчам маалыматы боюнча ички иштер органдарынын кылмыш иликтөөсүндө 456 кылмыштын, анын ичинен изи сууй элегинде 95нин бети ачылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Мурда жасалган кылмыштардан 161 нин бети ачылган. Милиция кызматкерлеринин тарабынан банги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү багыты боюнча 1 тонна 543 кг. 768 грамм бангизат алынган. Жогоруда аталган фактылар боюнча тергөө-иликтөө иштери улантылууда.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2814



Добавить комментарий