Ленин райондук сотунда Салянованын иши каралат

19 июня 2017 11:11 491 Barometr
Поделиться в:
ok

“Ата Мекен” фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованын соту бүгүн 19-июнда Бишукек шаарындагы Ленин райондук сотунда улантылат.  

Өткөн жумада Салянованын жактоочусу сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны кайтаруу боюнча арыз берген. Мамлекеттик прокурор соттон доо арызды четке кагууну  өтүнгөн. Тараптардын пикирин уккан сот жактоочунун өтүнүчүн канааттандырган жок. Мындан тышкары сот жактоочунун Саляновага байланыштуу кылмыш ишин токтотуу тууралуу өтүнүчүн да четке какты.

 

Белгилей кетсек, Аида Саляновага карата кылмыш иши 2016-жылы 26-декабрда козголгон. Ал Юстиция министри болуп турганда издөөдө жүргөн жактоочу Алексей Елисеевдин лицензиясын мыйзамсыз узарткандыгы үчүн айыпталууда.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2812



Добавить комментарий