Лондондогу өрттүн курмандыктарынын саны 12ге жетти
Поделиться в:
Лондондогу өрттөн курман болгондордун саны 12ге жетти. Шаар бийлиги курмандыктардын саны өсүшү мүмкүн деп кооптонууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Ооруканага жаткырылган 70 кишинин 20дайынын абалы өтө оор.
Кечээ Лондондун батышындагы Кенсингтон аймагында 24 кабаттуу турак жайдан өрт чыккан. Кырсыктын себептери аныктала элек.
Трагедияга байланыштуу консерваторлор менен юнионисттер коалициялык өкмөт куроо боюнча сүйлөшүүлөрдү кийинкиге жылдырышты. Бул Британиянын Евробиримдиктен чыгуу мөөнөтүн кечеңдетиши ыктымал.
Ссылка: https://barometr.kg/content2643
Добавить комментарий ×