14-15-июнда Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы

14 июня 2017 11:26 553 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 14-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кызматынан билдиришти.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14...+19, күндүз +28...+33; Талас аймагында түнкүсүн +13...+18, күндүз +26...+31; Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +15...+20, күндүз +29...+34; Ысык-Көлдө түнкүсүн +8...+13, күндүз +19...+24; Нарын облусунда түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25;

Бишкек шаарында 14-июнда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 14 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +17...+19, күндүз +30...+32 градус ысык болот.

Ал эми 15-июнда айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт. 16-июнда жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2577



Добавить комментарий