Кайгуул милиция кызматкерлерине «Рено Логан» үлгүсүндөгү унаалар тапшырылды

13 июня 2017 17:07 439 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 13-июнда Жалал-Абад облустук Кайгуул милиция кызматкерлерине Франция өндүрүшүнөн чыгарылган «Рено Логан» үлгүсүндөгү жеңил он автоунаа тапшырылды. Бул туурасында аталган облустун ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

 

Маалыматка караганда, Жалал-Абад шаарындагы борбордук «Эркиндик» аянтындагы салтанаттуу жыйынга Жалал-Абад ОИИБнын өздүк курамы жана шаарлар менен райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн күзөттүк милиция кызматкерлери катышты.

 

«Жаңы автоунаалар элибиздин тынч турмушун сактоого жана коомдук тартипти бекем камсыз кылууда милиция кызматкерлерине өз милдеттерин так аткарууга өбөлгө болот деп ишенем», - деди өкмөттүн өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев.

 

Берилген автоунаалар ОИИБинин район, шаарларындагы Патрулдук милиция бөлүмдөрүнө таратылат

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2554



Добавить комментарий