Катар элчилиги жана муфтият ооз ачыруу иш-чарасын өткөрдү

13 июня 2017 12:08 526 Barometr
Поделиться в:
ok

 Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги жана  Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Рамазан айына карата эл ортосундагы ынтымакты, улуттар арасындагы достукту бекемдөө максатында  Баткен  облусунда 100дөн ашуун   адамга ифтарлык уюштурду. Ооз ачыруу саамалыгы Кадамжай районунда өткөрүлүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин кеңешчиси Улан Ибраев, Кыргызстан Мусулмандар Дин Башкармалыгынын аппарат башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев, Баткен облусунун казысы Муса ажы Жолдошов,  казыят кызматкерлери, аксакалдар жана дин кызматкерлери  катышышты. Сааламлыктын жүрүшүндө ифтарлыкка келген жарандарды  Муфтият өкүлдөрү жана облус казысы ыйык Рамазан айы менен куттуктап, өлкөбүздөгү диний кырдаалга токтолуп, ата-бабалар сактап келген салттуу ислам динин карманып, жайылтуу керектигин белгиледи. Ал эми катышуучулар ифтарлыкты уюштурган Катар элчилигине жана Муфтиятка терең ыраазычылыктарын билдиришти.

Белгилей кетсек 8-июнда Баткен облустук мусулмандар казыяты Баткен шаарындагы “Адилет” кафесинде Баткен шаарынын жана районунун жашоочулардын  башын бириктирип ифтардык иш-чарасын өткөргөн. Ошондой эле облус калкын Баткен облусунун мусулмандар казысы Муса ажы Жолдошов ыйык Рамазан айы менен куттуктап, мамлекетибиздин тынчтыгы, элибиздин биримдиги жаштарыбыздын ыймандуу болуусун Жараткан Алла Тааладан тилеп дуба кылган.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2529



Добавить комментарий