АКШда эки штаттын башкы прокурорлору Трампты сотко беришти

13 июня 2017 10:57 551 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Колумбия округу менен Мэриленд штатынын башкы прокурорлору АКШ президентин сотко беришүүдө. Алар Трампты мамлекеттик чиновниктердин чет өлкөдөн белек жана сыйакы алуусуна тыюу салган АКШ Конституциясын бузуп жатат деп айыпташууда. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Башкы прокурорлор АКШ Конституциясына ылайык, чет өлкөлүк инвестициядан пайдаланган мамлекеттик аткаминер глобалдык бизнес-империяны башкарууга акысы жок деп эсептешет.

 

Трамп январда активдерин уулдары башкарарын, бирок алар иштин жүрүшүнөн кабардар кылып турушарын билдирген. Көпчүлүк америкалыктар болсо президент кызыкчылыктардын кагылышуусунан оолак туруу үчүн бизнесин сатышы керек болчу деп эсептешет.

 

Колумбия окуругунун башкы прокурору Карл Рэйсин менен Мэриленд штатынын башкы прокурору Брайан Фрош Кошмо Штаттар үчүн кызмат кылган мамлекеттик чиновниктер Конгресстин макулдугусуз кайсы бир өлкөдөн, ханзаада же королдон белек, тартуу, сыйакы ала албайт деп эсептешет.

 

Республикачылар басымдуулук кылган АКШ Конгресси Трамптын бизнесин сатпоо тууралуу чечимине каршы чыккан эмес. Башкы прокурорлор президентти сотко берүү менен мамлекеттик бийлик бутактарындагы тең салмактуулукту сактоого тырышып жатышканын баса белгилешүүдө.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2522



Добавить комментарий