Россиядагы антикоррупциялык митингдерде 1400 киши кармалды

13 июня 2017 10:53 565 Barometr
Поделиться в:
ok

Россиянын бир нече шаарларында саясатчы Алексей Навальныйдын тарапташтары коррупцияга каршы жапырт митингге чыгышты. Полиция уруксат берилген жана берилбеген акциялардын катышуучуларын кармоодо.

Акыркы маалыматтарга караганда, полиция Москвада 731, Санкт-Петербургда 500дөй, Россиянын башка шаарларында 140тай адамды кармады. Натыйжада кармалгандардын саны 1400дөн ашты.

 

Ал эми антикоррупциялык жүрүштүн уюштуруучусу, 2018-жылкы президенттик шайлоого катышарын жарыялаган Алексей Навальныйды полиция Москвадагы демонстрация башталганга чейин эле үйүнүн сыртынан кармап кетти. Навальный коомдук демонстрациялардын эрежесин бузган, милицияга каршылык көргөзгөн деп айыпталууда. Эгер сот аны күнөөлүү деп тапса, 30 суткага чейин кесилиши мүмкүн.

 

Москвада коррупцияга каршы митинг бийлик менен мурда макулдашылгандай Сахаров проспектисинде эмес, Кремлге жакын Тверь көчөсүндө өткөн.

 

Полициянын калкан жана желим таяктар менен куралданган атайын күчтөрү демонстранттарды бул аймактан күч менен сүрүп чыгарышты. Акция катышуучулары Москвада дагы “Путин ууру!”, “Навальныйга боштондук” деп кыйкырып жатышты.

 

Буга чейин 26-марттагы антикоррупциялык жүрүшкө Орусия боюнча он миңдеген адам катышып, Москвада полиция 1000дей адамды кармап, анын ичинде Навальныйдын өзү 15 суткага кесилген болчу.

 

 

 

        

Ссылка: https://barometr.kg/content2520



Добавить комментарий