Боом капчыгайы унаалар үчүн бир нече күнгө жабылат
Поделиться в:
Боом капчыгайы унаа кыймылы үчүн бир нече күнгө жабылат. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынан кабарлашты.
Жол коопсуздугун камсыз кылыш үчүн 12-июндан 16-июнга чейин Бишкек - Нарын – Торугарт жолунун 122-чакырымында, тактап айтканда Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлөт.
Саат 09.00дөн 15.00гө чейин Кайгуул милиция кызматкерлери тарабынан жол маал-маалы менен жабылып турат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2481
Добавить комментарий ×