Элина Абай кызы спортчу Кумар Жалиевге турмушка чыгат
Поделиться в:
Кыргызстандын белгилүү актрисасы, “Курманжан Датка” тасмасынын башкы каарманы Элина Абай кызы турмушка чыгат. Бул тууралуу 5news.kg маалымат порталы кабарлады.
Элинанын жүрөгүн багынткан мырза - Кумар Жалиев. Ал белгилүү спорттун чебери. Актриса, бийчи, фотомодель Элина менен экөө көп жылдан бери кыз-жигит. Эми түгөйлөрдүн сүйүү мамилеси нике шакеги менен бекемделгени турат.
Үйлөнүү той жакынкы арада, күзүндө болоору айтылууда. Учурда эки тарап тойго кызуу даярданып жаткан кези.
Ссылка: https://barometr.kg/content2475
Добавить комментарий ×