Милиция кызмтакерлери тарабынан он жыл мурда болгон оор кылмыштын бети ачылды

7 июня 2017 11:44 947 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйлөрдө белгисиз бирөөлөр тарабынан болжол менен 20-25 жаштагы адамды өлтүрүп жана көмүп салганды тууралуу ыкчам маалымат түшкөн. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул маалыматты текшерүү учурунда өлгөн адамдын өздүгү аныкталып, Аламүдүн айылынын 1989- жылы туулган К.Т., болуп чыккан. Ал 2007-жылдан бери дайынсыз жоголуп жүргөндүгү аныкталган. Жогорудагы факты боюнча ыкчам-издөө иш аракетинин натыйжасында кылмышка шектүү адамдардын өздүгү аныкталып, алар 1991-жылы туулган бир нече жолу соттолгон Кант шаарынын тургуну Б.В., азыркы маалда Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 172-беренеси менен Аламүдүн районун соту тарабынан 5 жылга соттолуп Бишкек шаарында камакка алынгандыгы аныкталган.
Ошондо эле 2017-жылдын 5- июнь күнү ыкчам-издөө иш аракетинин жүрүшүндө ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү делип М.А., аттуу жаран кармалып күнөсүн мойнуна алып 2007-жылы апрель айларында Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылында бир үйдүн ичинде М.А., Б.В., жана К.Т., болуп өз ара урушуп кетишип, натыйжасында Б.В., К.Т., аттуу жаранды башка үбөлүк менен бир нече жолу чаап андан соң электрикалык зым менен муунтуп экөөлөп үйдүн короосуна сүйрөп барышып көмүп койгону аныкталган. Тергөө маалында М.А., аттуу жаран көмүп койгон жерин көрсөтүп берген, жерди казган учурда адамдын сөөк калтыктары жана кийими табылган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content2288



Добавить комментарий