“Касапчы” операциясында аймактарда мал уурулук фактыларынын бети ачылды

5 июня 2017 17:53 768 Barometr
Поделиться в:
ok

Республиканын аймагында мал уурулуктун алдын алуу жана болтурбоо максатында «Касапчы» операциясы жүрүп жатат. Аталган операциясынын алкагында мал уурулук менен байланышкан кылмыштардын бетин ачууга, мал уурулук менен алектенишкен кылмыш топторун аныктоо жана издөөдө жүргөн кылмышкерлерди кармоого багытталган ыкчам-профилактикалык иш-чаралар жүрүдө.   Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Аталган операциянын жүрүшүндө Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө С.А., арызданган, себеби 28-майга караган түнү короосунда байланып турган эки баш уй уурдалып кеткен. "Касапчы" рейддеринин жүрүшүндө Жайыл РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Бекитай айылынын М.Б. аттуу тургуну кармалган.
Ошондой эле, милиция бөлүмүнө Алай районунун тургуну арызданган, себеби айылдагы талаадан малдары жоголуп кеткен. Алай РИИБсинин милиция кызматкерлери тарабынан Кара-Суу районунун 31 жаштагы тургуну А.Э. кылмышка шектүү катары кармалган.
Ал эми Сузак районунун тургунунун үйүнүн жанындагы сарайдан бир жылкысы уурдалып кеткен. Облустук милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында Алчалуу айылынын тургуну 33 жаштагы М.А. кармалган.
Жогорудагы фактылар боюнча жергиликтүү ички иштер бөлүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандар жергиликтүү милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилип, азыркы мезгилде тергөө иштери жүрүп жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2210



Добавить комментарий