ИИМ видео тууралуу: 10 жаштагы кызды зордуктоо аракети боюнча иш сотко өткөрүлдү

5 июня 2017 16:44 552 Barometr
Поделиться в:
ok

Сокулук районунун  ичи иштер башкармалыгына ушул жылдын  3-июнунда  20-25 жаштар  чамасындагы жигит 10 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган деген маалымат келип түшкөн. Кыз дагы ошол эле жаңы конушта жашайт. Бул тууралуу Чүй облусттук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын улук инспектору  Нурбек Токтосунов Barometr. kg сайтына билдирди.   

Анын айтымында, милиция кызматкерлери келгенге чейин жергиликтүү тургундар  зордуктоого аракет кылган жигитти кармап байлап коюшкан.  Кийин Сокулук районунун укук коргоо органдарына тапшырып беришкен.

Тергөө бөлүмүндө “зордуктоо аракети” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Бүгүнкү күндө  тергөө иши аяктап, Сокулук аймактык сотуна өткөрүлгөн.

Кармалган адамдын жашы 33тө, Жалал-Абад районунун тургуну. Мурда кылмыш ишине тартылган эмес. “Шаарга кара жумушта иштөө үчүн келгем” ,-деди ал өз сөзүндө.

Эскерте кетсек, социалдык тармактарга Ак-Ордо конушунунун тургундары кичинекей кызды зордуктады деген жаш жигитти кармашкандыгы тууралуу видео тараган.

Ссылка: https://barometr.kg/content2209



Добавить комментарий