ИИМ: 40 жаштагы аялдын бешинчи кабаттан секирип кетүүсүнүн себептери изилденүүдө

5 июня 2017 14:35 675 Barometr
Поделиться в:
ok

Асанбай  кичи районунда кечээ,4-июнда кечке жуук жаш аял бешинчи кабаттын терезесинен  секирген. Бул тууралуу "Barometr.kg"ге Бишкек шаарынын ичи иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов кабарлады.

Маалыматка ылайык, окуя кечке маал саат 17.45 чамаларында болгон. Белгилүү болгондой каза болгон аял ошол эле үйдүн тургуну. Окуя болгон жерге тез арада медициналык жардам жана Октябрь районунун тергөө тобу барышкан. Бирок, 1976-жылкы аял тез жардам келгенче көз жумгандыгы белгилүү болду.

Дарыгерлердин айтымында, аял алган жаракаттарынан улам көз жумган.

"Азыркы учурда тергөө иштери жүргүзүлүп, окуянын келип чыгыш себептери изилденүүдө", - деди Адыл Оморов.

Ссылка: https://barometr.kg/content2201



Добавить комментарий