ӨКМ шашылыш билдирүү таратты:жаан жаап, катуу шамал болушу ыктымал
Температуранын өзгөрүшүнө байланыштуу тоолуу жана тоо этегиндеги аймактарда катуу жаган жамгырдан дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
4-июндан 6-июнга чейин аба ырайынын өзгөрүүсү күтүлүүдө: мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 17-22 метрге чейин жетет. Күндүз абанын температурасы +20...+25 градус, тоолуу аймактарда +7...+12 градуска чейин, бийик тоолуу райондордо 0…+5 градуска чейин жетмекчи.
Бул туруксуз аба ырайы жайыттарда мал жайууну, транспорт иштерин, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйынчылыкка учуратат.
3-июнда кечкисин жаан жашы күтүлбөйт, кээ бир тоолуу аймактарда түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарда кар жайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
4-5-июнда көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жайт.
6-июнда, айрым жерлерде жамгыр жаап, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с, айрым учурларда 17-22 м / с чейин жетет.
7-июнда Ысык-Көл жана Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын жаап, күн күркүрөйт, тоолуу аймактарда кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м / с, айрым учурларда 15-20 м / сек чейин жетет.
8-9 июнда бул туруксуз аба ырайы сакталат: маал-маалы менен жамгыр, күн күркүрөйт, тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы олуттуу өзгөрбөйт.
Ссылка: https://barometr.kg/content2161
Добавить комментарий ×