Жайыл районунда уурулукка шектүү адам кармалды

2 июня 2017 12:43 532 Barometr
Поделиться в:
ok

Ушул жылдын 3-май күнү Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө 36 жаштагы Кара-Балта шаарынын тургуну П.О., арыз менен кайрылган. Себеби 2- май күнү болжол менен саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар анын үйүнө киришип “Урал” велосипедин жана “плазма" түстүү телевизорун уурдап кетишкен.  Келтирилген чыгым 10 000 сомду түзгөн. Бул тууралуу Чүй облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы маалымдады.

Жогорудагы факты боюнча Жайыл РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси боюнча (уурдоо) кылмыш иши козголуп, кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан ыкчам иш аракеттердин натыйжасында кылмышка шектүү делип 40 жаштагы жергиликтүү тургун С.А., кармалып, азыркы күңдө убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/content2134



Добавить комментарий