Үйгө уурулукка кирип, улгайган аялды өлтүргөн эки жигит кармалды

31 мая 2017 09:33 736 Barometr
Поделиться в:
ok

Улгайган аялды өлтүргөн эки жигит кармалды. Бул тууралуу Чүй областтык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты

 25-май күнү болжол менен саат 07:40 чамасында Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө Кант шаарындагы үйлөрдүн биринде аял кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул окуя боюнча Ысык-Ата районунун ички штер бөлүмүнүн ыкчам-тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, ал үйдөн аял кишинин жансыз денесин табышып, кароо жүргүзүү учурунда киши колдуу болуп каза болгондугу такталып, ал 68 жаштагы Кант шаарынын жашоочусу Т.А. экендиги аныкталган.

 

Териштирүү учурунда каза болгон Т.А.нын 44 жаштагы кызы апасына телефон чалган учурда апасы телефонду албай койгон үчүн үйүнө келип кирсе анын жансыз денеси жаткан. Дароо милиция кызматына кабарлаганын билдирген.

Бул окуя боюнча чогултулган материалдардын негизинде Ысык-Ата районунун ИИБнүн тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, жансыз денеге зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Ысык-Ата районунун ИИБнүн жана Чүй облусунун ИИББнын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында жогорудагы клымышка шектүү делип, Дмитриевка айылынын жашоочулары 21 жаштагы Т.В. жана 26 жаштагы Б.А. кармалышып, түнкүсүн окуя болгон үйгө уурулука киришип, үйдүн кожейкеси байкап калгандыктан изин жашыруу максатында ошол жолго барганын билдиришкен. Кармалган жарандар Ысык-Ата районунун ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2051



Добавить комментарий