Москвада катуу шамалдан өлгөндөрдүн саны 11ге жетти

30 мая 2017 09:10 651 Barometr
Поделиться в:
ok

 

Москвада катуу бороондо курман болгондордун саны 11ге жетти, алардын арасында 11 жаштагы кыз дагы бар. 50дөй адам ар түрдүү жаракат алды. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.

Каза тапкандардын кеминде төртөөнү ылдамдыгы секундасына 28 метрге чейин жеткен шамал кулаткан дарактар басып калган.

Электр зымдары үзүлгөндүктөн Москва облусунун аймагында кеминде 7 миңден ашуун адам электр жарыгысыз калган.

Шамал шаардын транспорт системасына да таасирин тийгизип, поезд каттамдары убактылуу токтотулган.

Маалыматтарга караганда, Орусия ӨКМи жашоочуларды алдыдагы коркунуч тууралуу эскерткен эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/content1989



Добавить комментарий