Бишкекте 19 жаштагы жигитти бычактап кетишти

29 мая 2017 10:26 776 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкекте 19 жаштагы жигит  бычактан алган жаракатынан улам ооруканага бара жаткан жолдо көз жумду, кылмышка шектүү кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты. 

Аталган маалыматка таянсак, 25-майда Свердлов районунун нөөмөт бөлүмүнө Буденный көчөсүндө 1997-жылы туулган жигит бычакталганы тууралуу маалымат түшкөн.

 20 жаштагы Н.А чатакташа кетип, 19 жаштагы М.Э.ни жүрөк тушка сайган. Жигит тез жардам унаасында көз жумду.

 Учурда бул боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү жигит камалды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1942



Добавить комментарий