Бишкектин көчөсүндө эркек кишинин сөөгү табылды. Милиция маркумду таанууга көмөк сурдоодо
Поделиться в:
Милиция Бишкектин Лермонтов көчөсүндө табылган эркек кишинин сөөгүн таанууга көмөк сурайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Азиат түспөлүндөгү 40-45 жаштар чамасындагы белгисиз адамдын сөөгү 1-майда табылган. Ал спорттук күрмө кийип жүргөн.
Белгилери: бою болжол менен 170-175 см, дене түзүлүшү орто. Сол колунун ортонунда татуировка бар. Оң колунун баш бармагы жок.
Бул адам тууралуу билгендер болсо Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына: (0312) 433275, (0772) 052000, (0552) 102517, (0707) 904433, (0773) 398585 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/content1843
Добавить комментарий ×