Кыргызстандын мектептеринде бүгүн “акыры коңгуроо” кагылат
Поделиться в:
Бүгүн, 25-майда Кыргызстандын 2 238 мектебинде акыркы коңгуроо иш-чарасы болот. Андан кийин экзамендер башталат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен кабарлашты.
Быйыл 11-классты 62 миң окуучу жана 9-классты 92 миң окуучу аяктайт.
Эскерте кетсек, Билим берүү министрлигинин буйругу менен салтанаттуу иш-чарага акча чогултууга жана кафе-ресторандарда майрам уюштурууга тыюу салынган.
Ссылка: https://barometr.kg/content1837
Добавить комментарий ×