Жолдун боюндагы мектептердин картасы түзүлдү

24 мая 2017 12:10 484 Barometr
Поделиться в:
ok

Ички иштер министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөлөргө ылайык, республика боюнча 547 мектеп унаа өтүүчү жол боюнда жайгашкандыгы аныкталды. Бул объекттер боюнча балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык керектүү болгон жол белгилери орнотулат. Бул тууралуу ИИМ патрулдук милиция башкы башкармалыгынын башчысы Эркин Баев кечээ, 23-майда, «Жол коопсуздугун камсыз кылуу чаралары» тууралуу маалымат жыйында билдирди.

Жол кырсыктарынын алдын алуу жана эскертүү максатында республика боюнча бардык мамлекеттик, эл аралык, жергиликтүү маанидеги жана шаар айыл пункттарынын ичиндеги жолдор текшерүүдөн өттү. Жыйынтыгында 300 авариялык-кооптуу абалдагы жолдор аныкталып, жокко чыгарылды.

Көчөлөрдө  талапка жооп бербеген 2969 жол кесилиштери аныкталып, мамлекеттик органдарга, аларды колдонуудан четтетүү боюнча буйруктарды жана көрсөтмөлөрдү даярдоо иштери тапшырылды.

 

Жол кырсыктарынын алдын алуу жана эскертүү чараларын көрүүдө өзгөчө жашы жете элек балдардын катышуусунда болгон жол кырсыктарына көңүл бурулууда.

Бул максатта Ички иштер министрлиги менен Билим берүү жана илим министрлигинде балдардын жаракат алуусун азайтуу жана кырсыктардын алдын алуу боюнча  комплекстүү иш чаралар өткөрүлүүдө.

Тактап айтканда, республикадагы 2238 жалпы билим берүү мекемелерине атайын ИИМ кызматкерлери бекитилген. Алар эртең менен, түшкүсүн жана кечке маал окуучулардын үйдөн мектепке-мектептен үйгө чейинки коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чараларды көрүүдө. Мындан сырткары жооптуу кызматкерлер укуктук билимди жогорулатуу багытында сабактарды өтүшөт.

Эскерте кетсек, Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков 2017-жылдын 16-майында балдардын жол коопсуздугун камсыз кылуу жана жол кырсыктарынан алдын алуу боюнча жумушчу жыйын өткөргөн. Жыйында республика боюнча бардык жолдун боюндагы мектептердин картасын түзүү тапшырылган. Ал карта боюнча мектепке жакын аймактарда жол коопсуздугуна тиешелүү жабдуулар, жол чырактар жана ылдамдыкты азайтуучу жол тосмолор орнотулат.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1805



Добавить комментарий