Баткен областында жети окуучу химиялык зат менен ууланды

19 мая 2017 10:37 444 Barometr
Поделиться в:
ok

Баткен областынын Бужум айылында 7-класстын окуучулары химиялык зат менен ууланып калышкан. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой 18-майда 7-классын окуучусу тыныгуу маалында, болжол менен саат 15.30да класска фитили бар шашка жаккан, ал аны көчөдөн таап келгенин айткан. Кескин жыттан улам окуучулар сыртка качып чыгышкан. 17.30дар чамасында класстагы 21 окуучу жөтөлүп, дем алуулары кыйындай баштаган.   

   Алардын ичинен 7 окуучу Баткен областтык бириккен ооруканасына жаткырылды. Өз маалында медициналдык көмөк көрсөтүлдү. Учурда балдардын абалы жакшы.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1647



Добавить комментарий