Жамал Сейдакматова: Ыйманды пропагандалабай туруп, маданиятка жетише албайбыз
Парламенттик радионун 17-майдагы "Күндүн тартибинде" программасында 2017 - жылдын “Ыйман, адеп жана маданият” деп жарыялангандыгына арналган уктуруу болду. Түз эфирге чакырылган меймандар Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, актриса Жамал Сейдакматова менен “Эрдик-Подвиг” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы маалымдады.
“Ыйман менен маданият – бири-биринен ажырагыс сөздөр. Ыйманды пропагандалаган бул – маданият болуп эсептелет. Тилекке каршы, бүгүн ыймансыздар көбөйдү. Анын себебин ааламдашуу процессинен көргөндөр бар. Ошентип, бул - чет өлкөлөргө таасирленгендиктин жыйынтыгы окшойт” – деген оюн билдирген Кыргыз Эл артисти Жамал Сейдакматова мамлекеттик тилдин ролуна дагы токтолду.
“Эне тилди кадырлоо жогору жактан берилген буйрук менен толук жашап кете албайт. Андыктан, тилди адегенде үй-бүлөлүк турмушта колдонгондо гана анын таасири артат. Кийинки муундун тарбиясына да тилдин пайдасы тиет. Кыргыз эли кандай бир керемет сөздөрдү колдонуп, кемчилик кеткен учурлар болсо да кишинин бедел-баркына шек келтирбей, кемсинтпей айткан тарбиялык накыл кептерге бай кеменгер калк. Тилибиз менен улутбуз. Ушуну унутпашыбыз керек”,- дейт атактуу актриса.
Уктурууга катышкан “Эрдик-Подвиг” коомдук фондунун жетекчиси Каныбек Мырзаканов: “Көп учурда ыйманды дин менен байланыштырышат. Ал бир чети туура, бирок Меккеге бараардын алдында Мекенге эмне кылдым?- деп элдин алдындагы парзды таразалап алуу керек. Себеби, ыйман бул - Мекенди сүйүүдөн башталат” – деди.
Ошондой эле ал адеп жылында баалуу иштерди аткарууну моюнга алгандыгын айтты. 2010-жылы негизделген “Эрдик-Подвиг” коомдук фонду Улуу Ата Мекендик согушта дареги дайынсыз калган жоокерлерди издеп –табууда 1367 жоокердин дарегин аныктап, издеп жүргөн туугандарына кабарланган. К.Мырзаканов: “Бизге тынчтык жашоону тартуулаган аталарыбызды сыйлабасак, эрдигин даңтабасак, өзүбүздү ыймандуу деп айта албайбыз” – деген пикирин айтып, - “Ыймандуулук бул өткөндү сыйлап, учурду урматтап, келечекти кадырлоо”,- деди.
Ссылка: https://barometr.kg/content1622
Добавить комментарий ×