Депутат: Жалал-Абад курорту өзүнчө эле мамлекет ичиндеги мамлекетке айланыптыр

18 мая 2017 11:30 797 Barometr
Поделиться в:
ok

Жер-жерлердеги экономика маселелерин жана калктын социалдык көйгөйлөрүн чече турган жетекчилер өзүнүн түз милдетин аткарбай эле, жалаӊ шайлоо менен алектенип калды. Өкмөт алардын тизгинин тартып, теӊчиликти камсыз кылышы керек. Бул тууралуу депутат Мирлан Бакиров Жогорку Кеӊеш жыйынында билдиргенин парламенттин басма сөз кызматы жазды.

 

«Мисалы, Жалал-Абад курортун алалы. Жакында жаӊы жетекчи дайындаганы барышса, эшикти тосуп алып, киргизбей коюшуптур. Ал жай өзүнчө эле  мамлекет ичиндеги мамлекетке айланып алыптыр. Көрсө, текшерүү жүрүшүндө курорттун мурдагы жетекчиси мекеменин каржысын каалагандай чачып, 12 млн сомго чейин карызга батырган экен. Мындай жосундарга каршы иштиктүү чараларды көрүүгө мезгил жетти», - дейт депутат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1620



Добавить комментарий