Кыргызстанда 18-майдан 20-майга чейин күтүлгөн аба ырайы

18 мая 2017 11:22 931 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргызстанда 18-майдан 20-майга чейин күтүлгөн аба ырайынын болжолу тууралуу Кыргызгиромет  билдирди.  Бул аралыкта көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 17-22 метрге жетет.  

 20-майда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Чүй жана Талас областтарында абанын температурасы бир аз жогорулайт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтарында да абанын температурасы жогорулайт. Ысык-Көл областында абанын температурасы өзгөрүлүп турат.  

Ал эми бүгүн, 18-майда көпчүлүк  аймактарда жаан катуу жаайт.

 Абанын температурасы:

 

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11...+16, күндүз +18...+23;

 

Талас дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +18...+23;

 

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +14...+19, күндүз +20...+25;

 

Баткен жергесинде түнкүсүн +14...+19, күндүз +19...+24;

 

Ысык-Көл аймагында түнкүсүн +8...+13, күндүз +18...+23;

 

Нарын облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +18...+23 градуска чейин жогорулайт.

 

Ал эми Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 13...15, күндүз 19...21 градус жогору болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1618



Добавить комментарий