Кытай жылына 6 миллиард таракан өстүрөт

27 апреля 2018 11:22 921 Barometr
Поделиться в:
ok
Көпчүлүк тараканды жийиркенүчтүү жандык деп ойлошот, бирок кытай фармацевтикасы үчүн бул жакшы бизнес түрү, анткени ал өлкөдө таракан ден соолукка пайдалуу болуп саналат. Бул тууралуу “newtimes.kz” сайты билдирет.
Куурулган тараканды Кытай менен башка дагы Азия мемлекеттери мурунтан тамак катары колдонуп келишкен. Бирок азыр аларды атайы фермаларда өстурүшөт.
Түштүк-батыштагы Сичан шаарында фармацевтикалык компаниялардын бири жыл сайын алты миллиард таракан өстүрөт. Таракандардын көлөмү футбол аянты менен бирдей болгон имаратта өстүрүлөт.  Имарат ичи жылуу, караңгы жана нымдуу. Таракандар анын ичинде ээн-эркин жүрөт жана каалашынча көбөйө беришет. Имараттын ичине адамдарга кирүүгө тыюу салынган.
Ал жердеги абалды байкоо салган атайы каражат бар. Анын максаты – таракандардын тезирээк көбөйүүсүнө жагдай жасайт.
«Кытай тургундары картайып жатышат. Биз карыяларга арзан баада сатып алууга мүмкүн болгон дары жасайбыз», - деди профессор Лю.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13839



Добавить комментарий