Ким Чен Ын Түштүк Корея жерине кирип барды

27 апреля 2018 10:24 826 Barometr
Поделиться в:
ok
“КЭДР менен Түштүк Корея башчылары Ким Чен Ын жана Мун Чжэ Ин эки өлкө арасындагы чек арада орун алган Пханмунджом пунктунда кездешишип, кол алышты”,- деп кабарлайт “Риа Новости” маалымат булагы.
Кийин алар сүрөткө түшүштү да, корей саммити баштаган имаратка баш багышты. Ким Чен Ындын айтуусу боюнча, КНДР делегациясы келишим сөзгө тынчтык жана келечекке карай жаңы тарых баштоо үчүн келген.
Мун Чжэ Ин түштүк кореялык башчыны келишимге келүүгө чакырды.
«Эгер биз чыныгы диалог жүргүзсөк, анда биз өзүбүздүн ултубузга жана бакубат жашоону көздөгөн дүйнө элине чоң сый-урмат жасайбыз», - деди ал.
Эки корей өлкө башчылары күнү бою Түштүк жана Түндүккө катыштуу маселелерди талкуулайт. 
Айта кетсек, акыркы 65 жылда алгач ирет Ким Чен Ын Түштүк Корея чек арасынан өткөн КЭДР башчысы болуп жатат.
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13833



Добавить комментарий