Чычкандарга адамдын мээси салынды
Поделиться в:
Американын окумуштуулары чычкандарга адам мээсинин клеткаларын салып, операция алардын иш-аракетине кандай таасир берерин изилдешкен.
Биологтор сынакта адам мээсинин органоидтерин өстүрүп, дандын көлөмүндөгү клетканы чычкандардын мээсине салышкан. Натыйжасында нерв клеткалары чычкандардын башында өнүгө баштаган. 233 күн өткөндөн кийин алардын түзүлүшү жаңы төрөлгөн баланыкы менен бирдей болгон. Бирок чычкандардын иш-аракети адаттагысынан өзгөчөлөнүп кеткен эмес.
Ссылка: https://barometr.kg/content13819
Добавить комментарий ×