Гезиттеги кабар:“Ата-энемди 1000 сомго сатамын”

26 апреля 2018 15:55 2048 Barometr
Поделиться в:
ok
Бул окуя Япон өлкөсүндө болгон. Токионун эң атактуу газеттеринин бири өзгөчө кабар жарыя кылышты. Мазмуну төмөндөгүчө: «Ата-энемди сатам. Атам 70, энем 65 жашта. Баасы –миң иен. Бир тыйын да түшпөйм!»
 
Кабарды окуган адамдар таң калышты. «Шумдук, акыр заман деген ушул экен, эми балдар ата-энесин сатып калыштыбы?» Кээ бирөөлөр ага: «Бийлик мындайга кантип жол берди, чара көрбөйбү?» — деп кейип кепчишти.
Басылып чыккан маалыматка байланыштуу көп чуу чыкты. Элдин баары бир канча убакыт бою сөз кылып жатышты. Аны үйдө, көчөдө, жумушта, баардык адамдар кеп кылып жүрүштү.
Бул кабарды жарыя кылган гезит, бир жаш үй-бүлөнүн үйүнө да келишти. Алар жакында гана жол кырсыгынан кайтыш болгон ата-энелеринин ашын берип жатышкан экен. Жоктоо айтып, кайгырып отурган үй-бүлө  башка бирөөнүн ата-энесин сатып жатканын айбандык деп жек көрүштү. Байкуш ата-эне кандай абалда болду экен деп катуу убайм тартышты. Мындай балдардан кандай жакшылык күтсө болот?
Жаш үй-бүлө гезитке чыккан кабарды алып, баласы сатып жаткан ата-энени сатып алышмак болушат. Аларды үйлөрүнө алып келип балдары бербеген мээрим менен камкорлукту тартуулоону көздөшөт. 
Ак ниет жандар айтылган дарекке да жетишет. Келсе, алдыларнда заңгырган үй чыгат. Кабарга  дарек туура эмес кеткен го деп ойлошот. Ошентсе да, эшиктин коңгуросун басып көрүшөт. Эшикти жашы улгайып калган аксакал ачат. Жылуу күлүмсүрөгөн ал булардын эмне үчүн келгенин шашпай отуруп угат.
 «Балким, біз адашып кеткен чыгарбыз?» деген сөздөргө аксакал: «Жок, сиздер туура келдиңиздер, үйгө кириңиздер», -деп жаштарды төргө отургузат. «Азыр мен байбичемди чакырайын», - деп өзү ички бөлмөгө кирип кетет. Кемпирин жетелеп келет. Андан кийин жаштарга мындайча түшүндүрүшкөн экен: «Бул үйдүн ээси - бизбиз. Мындан башка дүйнө-мүлкүбүз мол. Бирок биздин балабыз жок. Жыйган-тергенибиздин баардыгын эртең кимге калдырарыбызды билбейбиз. Эмне болсо да ыймандуу, ниети таза, жакшы адамдын колуна калтырсакпы дедик. Ошол үчүн өзгөчө кабар берген элек. Мындай кабарга ар-намысы жогору адам гана жооп катат деп чечтик. Мындай кабарга сатып алуучу табыларына күмөн санадык эле. . Сиздердин ниеттериңиз- таза экен. Бизге чоң кубаныч тартууладыңыздар. Биз издеген жакшы адамдар сиздер экенсиздер. Эми биз болгон дүйнө-мүлкүбүздү сиздерге калтыргыбыз келет»
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13810



Добавить комментарий