Аялдар акылдуу балдарды канча жашында төрөшөт?

26 апреля 2018 14:16 7889 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүнкү күндө кош бойлуулардын орточо жашы 25-27 жашты түзөт. Бирок Уулу Британиянын дарыгерлери бала төрөгөнгө эң жакшы жаш курак 30-39 аралыгында дешет. Себеби бул кезде организмдин өнүгүүсү толугу менен аяктап, ал эми аялдардын булчуң эттери  серпилгич келет экен. Буз учурда бала көтөрүү үчүн аялга үч айдан алты айга чейин убакыт керек. Изилдөө жүргүзгөн адистер 18 миң балага байкоо жүргүзүп,  алардын жашоого келгенде энелери канча жашта болгонун эске алышкан. Эң акылдуу балдар энелеринин 30-39 жаш аралыгында төрөлгөндөр болуп чыкты. Себеби бул кезде аялдын психологиялык жана моралдык абалы турукташкан, көзү ачылып, билимдүү жана материалдык жагдайы жетиштүү болуп калган учур болот эмеспи.  

Ссылка: https://barometr.kg/content13808



Добавить комментарий