Бул фирма саякатыңыз үчүн ай сайын 4500 доллар төлөп берет!

26 апреля 2018 14:05 3192 Barometr
Поделиться в:
ok

“Дүйнө кыдырып саякатка чыгуу көп адамдын кыялы”,- деп жазат Thrillist.

Тилекке каршы, буга көп акча керек. Бирок эми башка бирөөнүн эсебинен саякаттоого мүмкүндүк пайда болду - эми   Исландияда жайды өткөрүүгө жана Европа менен Түндүк Америкада акысыз саякаттоого болот.

Исландиянын WOW Air авиакомпаниясы расмий гид издеп жатат. Ал үчүн Исландиянын Рейкьявик шаарына барып жана Европа менен Түндүк Американын ар түрдүү шаарларына учуу кажет. Ошону менен катарда өзүңүздүн саякат тууралуу социалдык тармактарга кеңеш жазып беришиңиз керек.

Өзүңүз гана эмес досуңузду дагы алып, үч айга алып кетсеңиз болот!

Андан тышкары айлык акыга 4 550 доллар берилет.

Өзүңүздүн талапкерлигиңиздит көрсөтүш үчүн WOW Travel Guide компаниясынын атайын сайтына 2018-жылдын 14-майына чейин кирип, анкета толтуруп жана өзүңүздүн шаарыңызды таанышырып кыскача видео жүктөңүз кажет. 30 секундан 2 минутка чейин болсо болот.   

Эгер сизди жактырышса 1-июнда жумушка алынасыз жана Рейкьявиктеги мыкты эмеректер менен жасалгаланган квартирага барып андан ары саякатка кетесиз.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13807



Добавить комментарий