"Жыл жаңылыгы": Адамдар эмнеге ыйлашат?

26 апреля 2018 13:11 1080 Barometr
Поделиться в:
ok

Нидерланд окумуштуулары адамдын эмне үчүн ыйлашаарын аныкташты. Бул жобога канча каражат бөлүнгөнүн билбейбиз. Ал тууралуу эч кандай маалымат жок. Ошентсе да, билип алыңыз. Адам эмне үчүн ыйлайт? Сиз билбесеңиз, нидерланддык окумуштуулар билет. Адам таарынганда, ооруганда жана оор  эммоцияны баштан өткөргөндө ыйлайт экен. Таң калып жаткан чыгаарсыз. Тилбургск университетинин окумуштуулары ушундай жыйынтык чыгарышкан экен. Буга чейин адамдар билбей жүргөн экенбиз эмнеге ыйлайт экенибизди.   

Ссылка: https://barometr.kg/content13802



Добавить комментарий