Кыз 10 жыл бою эркек бала болууга мажбур болгон

26 апреля 2018 13:00 1139 Barometr
Поделиться в:
ok

Афганистандын тургуну Ситара Вафадар 8 жашынан баштап ата-энесинин каалоосу менен эркек баладай болуп жүргөн. Бул тууралуу NDTV порталы кабарлайт.

18 жаштагы Ситарага Бача-пош практикасын колдонушкан, ага ылайык уулу жок ата-энелер кыздарынын бирин эркек балача  убактылуу кийинтип жана аны эркек деп эсептеп жүрүшү керек.

Мындай маданий практика Афганистанда жана Пакистанда кеңири жайылган.

Ситара 8 жашынан баштап атасы менен бирге кыш чыгарган заводдо эмгектенген. Айрым жумушчулар анын сырын билишкен. Бирок афган кызы аны уурдап кетишпесин деп катуу жашырынып жүрүүгө мажбур.

 Салтка ылайык кыз бойго жеткенде эркектин милдетин аткаруудан баш тарса болот, бирок кыз өзүнүн 13 жаштагы сиңдиси ушундай тагдырга туш болбосун деп Ситара Бача-пош практикасынан баш тартпай жатат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13801



Добавить комментарий