Асел Кадырбекова: Ушул күнгө өзгөчө даярдандым
Поделиться в:
Кечээ, 25-апрелде ырчы Асел Кадырбекованын ата-энеси кыз узатуу тоюн өткөрдү.
“Ушул күнгө өзгөчө даярдандым. Кыргызстанда №1 дизайнери Айпери Обозова атайын мен үчүн ушул көйнөктү саналуу күн ичинде тигип белекке ыйгарды. Эже мен сизди сыйлайм, жакшы көрөм! Сизге чоң ырахмат!”,-деп жазды өзүнүн соцбаракчасына.
Кыз узатуу тою Оштогу ресторандардын биринде өттү. Ага эки жаштын туугандары гана эмес, чыгармачылык чөйрөдөгү кесиптештери-эстрада жылдыздары келишти.
Ссылка: https://barometr.kg/content13799
Добавить комментарий ×