Globus-1 гипермаркетинин кызматкерлери бычакташты
Поделиться в:
Гипермаркеттин кызматкерлеринин ортосундагы чатак бычакташуу менен аяктады. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.
25-апрелде саат 21:18де Токомбаев 53/1 дарегинде жайгашкан Globus-1 гипермаркетинде дүкөндүн кызматкерлери чатакташкан жана алар бири-бирин бычакташкан.
Окуя жумуш убактысынан тышкары учурда болгон.
Учурда укук коргоо органдары жагдайды териштирип жатат. Шектүү адам кармалып камакка алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/content13796
Добавить комментарий ×