Бишкекте жарым жылаңач кыз үчүн милиция менен бир топ кишилер кармашты

26 апреля 2018 11:18 2210 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кечээ, 25-апрелде саат 17:28де «102» кызматына Урицкой жана М.Ганди көчөсүнө жарым жылаңач кызды унаа менен келип ыргытып салышканы тууралуу маалымат түшкөн. 5 мүнөттөн соң ал жерге мобилдик батальондун экипажы барган. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлады.

 Кыз ага карата кылмыш кылышканын айткан. Мобилдик экипаж Кулиев жана Пушкин көчөлөрүнүн кесилишине келген кезде кыз шектүү адамдардын бирин көрсөтүп берген. Эркекти кармап жаткан учурда башка адамдардын тобу келип мобилдик батальонду курчап алган жана милициялардын ишине тоскоолдук жаратышкан.

Алар каршылык көрсөтүп, милицияларга баш ийбей  дагы бири милициянын табелдик куралын-Макаров тапанчасын алып чыгууга аракет кылган. Мындан кийин милициялар курал колдонууга мажбур болушкан.

1976-жылы туулган А.З жана жабырлануучу кыз Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына жеткирилди. Материалдар тергөөгө өттү.

 Милицияга каршылык кылган адамдарга ыкчам топ барып, бул боюнча иликтөө башталды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13792



Добавить комментарий