Ошто окуучулар жана мугалимдер белгисиз затка ууланышты

26 апреля 2018 08:01 1133 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаарында 16 мектеп окуучусу белгисиз затка ууланып, ооруканага түштү. Шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Жеңиш Байзаков   билдиргендей, жабыркагандар №54 мектептин жогорку классынын окуучулары, жарымы кыздар.

Окуя 25-апрелде болду. Балдар Оштогу аймактар аралык клиникикалык ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө, абалы туруктуу:

- Бир окуучу белгиси зат алып келген экен. Ал эмне экенин билбей жатабыз. Тергөөчүлөр иликтей башташты, - деди ал.

Оорукананын башкы дарыгери Шайырбек Сулаймановдун айтканына караганда, окуучулардын бири белгисиз суюктукту чачып жибергенден кийин курдаштары өздөрүн жаман сезе баштаган. ​

Айрым маалымат булактары уулангандардын арасында эки мугалим да бар экенин кабарлашкан. Жеңиш Байзаков муну четке какты.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13782



Добавить комментарий