26-апрель: нөшөрлөгөн жамгыр жаайт
26-апрелде түнкүсүн жана эртең менен Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгышында нөшөр болот. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 13...18,
Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18,
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 14...19,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 4...9, күндүз 8...13,
Нарын облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 13...18;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3...-8, күндүз 0...5 градус болот. Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Түнкүсүн 6...8, күндүз 15…17 градус болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content13781
Добавить комментарий ×