Centerra: Chaarat мартта Кумтөрдү сатууну сунуштаган, биз кызыкдар эмеспиз

25 апреля 2018 15:41 765 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 24-апрелде Канаданын алтын казып алуучу Centerra Gold Inc компаниясы Чаарат кенин иштетүүчү Chaarat Gold Holdings Ltd. компаниясынын расмий келишимине комментарий берди. 

Эскерте кетсек, ага чейин Chaarat Gold Holdings Ltd компаниясы Centerra Gold компаниясынан "Кумтөрдү" сатып алууну каалап жатканын расмий билдирген эле.

 Сатып алуунун мааниси боюнча Chaarat, Centerra жана  «Кыргызалтын» ачык акционердик коому үч тараптуу келишим түзүшү керек.

"Чаарат"  жана  "Кыргызалтын" Centerraдан Кумтөр кенине ээ болгон  "Кумтор Голд Компани" компаниясын сатып алат, бул “Чаарат” компаниясына “Кумтөрдүн” кадимки акцияларына ээ болуу мүмкүндүгүн түзөт. Ошондой эле ыкчам башкаруу милдетин жана укугун берет. Ал эми "Кыргызалтын" өз кезегинде "Кумтөрдүн" артыкчылыктуу акцияларына ээ болот жана аны иштетүүдөн түшкөн кирешенин 50 пайызын алуу менен экономикалык пайда көрүү укугун алат. Анын жыйынтыгында  "Чаарат"  жана "Кыргызалтын" кендин биргелешкен ээси болуп калышат, өлкөдө болочоктогу  5-7 жылда толук бойдон кала турган дивиденттер тең бөлүнөт.   

Centerra расмий түрдө Chaarat Gold Holdings Ltd Кумтөрдү сатууну сунуштаганын, бирок алар бул сунушка кызыкдар эмес экенин билдирди. Centerraнын расмий сайтында жарыяланган релиздин темасында “бул биржадагы кызыл кулактык” деп жазылган.

“2016-жылы март айында Centerra "Чаарат" компаниясынан «Кумтөр» боюнча сунуш алган. Centerra дароо эле бул келишимге кызыкдар эмес экенин айтып жооп узаткан. Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен болгон мурдагы жолугушууларда жогорку даражалуу чиновниктер Centerra өкүлдөрүнө Кыргызстан да “Чаарат” сунуштаган келишимге кызыкдар эмес экенин айтышкан”,-деп айтылат компаниянын кабарында.

Компаниянын кабарында Кумтөр кени Centerra компаниясынын филиалы  «Кумтор Голд Компани» жабык акционердик коомунун менчиги экени эскертилет. 

 

"Буга байланыштуу “Чаарат” сунуштаган келишим Centerra жана Кыргызстандын өкмөтүнүн макулдугусуз болбойт”,-деп айтылат кабарда.   

Белгилей кетсек, "Чаарат" компаниясы Centerra жана Кыргызстандын өкмөтүнө дароо эки сунуш кылган. Centerra компаниясына Кумтөрдү сатууну сунуштап жатат, ал эми Кыргызстандын өкмөттүнө өзүнүн  Centerraдагы (26  пайыз) акциясын жана  Centerra  "Чааратка" Кумтөрдү сата турган болсо Кумтөрдүн 50 пайыз үлүшүн сунуштап жатат.   

Белгилей кетсек, кечээ, 24-апрелде ЖМКга  Centerraдан Кумтөрдүн сатып алуу мүмкүндүгү жөнүндөгү макаладан кийин Лондондун биржасындагы Chaaratтын акцияларынын баасы 8% пайызга жогорулаган. Бирок компания акцияны сатууну токтоткон.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13772



Добавить комментарий