Кадыров өлкө башчылыгынан кетип, жоокер болууга даяр

25 апреля 2018 15:17 619 Barometr
Поделиться в:
ok
Чеченстандын башчысы Рамзан Қадыров «Россия 24» телекаланын эфиринде керек болсо республика башчысы кызматын тапшырып, жоокер катары мекенин коргоого даяр экенин маалымдады.
Ушуга чейин, маегинде Кадыров Сириядагы жагдайды Россияга каршы көрсөтүлгөн кысым деп атаган. Ал «жагдай ушундай улуна бере турган болсо, Россия күч колдонууга мажбур болот»,- деп болжогон эле.
“Мен саясатка жоокер катары келдим. Менин жакшы көргөн ишим – согушка каршы туруп, калкымды жана өлкөмдү коргоо. Ошол себептен биз ар бир кыйын маселени чечүүгө даярбыз. Башкы жол башчы кандай айтса, ошондой болот. Биздин жигиттер даяр. Менин оюмча, биз, генералдар, кызматты коюп... алдыга жүрүп, өлкөбүздү коргоого даяр болуубуз керек», - деди Кадыров.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content13769



Добавить комментарий