Бойдок жигит 19 баланын атасы болуп чыкты

25 апреля 2018 12:07 1893 Barometr
Поделиться в:
ok
28 жаштагы япон жигити Мицутоки Шигета сотто бир убакта 16 баланын атасы болуу укугуна мыйзамдуу түрдө ээ болду.
Соттун талкууусу 3 жылга созулду. Таиланд полициясы 2014-жылы Бангкоктогу көп кабаттуу батирде табылган 9 наристенин ДНК аркылуу атасы ким экенин тапкандан киин яплндук жигиттин башы балееге калган болчу. Балдарды күнү бою бала багуучу караган. Алардын жашы эки жумадан баштап эки жаш аралыгында болгон. Кийин черээк дагы 4 бала табылды – аларды да япондук жигиттен Таиланддагы суррогат эне дүйнөгө алып келген.
Тергөө учурунда Шигета миллионердин баласы экени, ал үйлөнбөй эле көп балалуу ата болууну калаганы аныкталган. Индиядагы жана Таиландтагы суррогат энелер ага баардыгы болуп 19 бала төрөп беришкен. Ошондуктан аны аталык укугунан ажыратып, адам сатуу беренеси менен айыпташкан.
Таиланддагы 13 балага байланыштуу ызы-чуу бошталгандан кийин өлкөнүн камкорлугуна алынган, ал эми Шигета Японияга келип,  Таиланд сотуна чагымданган.
 
Сотто көп балалуу ата алардын баардыгын өз камкорлугуна алуу үчүн каражаты жетиштүү кэенин далилдеп чыккан. Ошону менен бирге ал балдардын баардыгын Японияга алып кетүүгө уруксат алган. Ал ушул максатта бала багуучулар менен мед айымдардан турган атайы топту жалдаган.
ММКнын маалыматы боюнча, Мицутоки азыркы күндө да үйлөнө элек, бир нече компанияны башкарган бай жигит.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content13760



Добавить комментарий